Бүгүн, 25-апрелде Барпы атындагы кыргыз драма театрында Манас шаарындагы “Ариет” балдар чыгармачыл борбору “Балдар – биздин бактыбыз” аталышындагы жылдык отчеттук концертин тартуулады.
25.04.2026 10:20
6
Бүгүн, 25-апрелде Барпы атындагы кыргыз драма театрында Манас шаарындагы “Ариет” балдар чыгармачыл борбору “Балдар – биздин бактыбыз” аталышындагы жылдык отчеттук концертин тартуулады.
Аталган салтанатка Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, ата-энелер жана борбордун күйөрмандары катышып, жаш таланттардын өнөрүнө күбө болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир окуучу өзүнүн чыгармачылык дараметин көрсөтүп, ыр-бий, көркөм окуу жана ар түрдүү өнөр багыттары боюнча даярдаган номерлерин тартуулашты.
Кубанычбек Шерматов өз сөзүндө Манас шаарында өткөрүлгөн дээрлик бардык маданий иш-чаралар “Ариет” борборунун таланттуу окуучуларынын катышуусу менен көркүнө чыгып келатканын белгилеп, алардын жетишкендиктери шаардын маданий турмушунда өзгөчө орунду ээлерин айтты. Ошондой эле ал окуучуларга, мугалимдерге жана борбордун жалпы жамаатына мындан аркы ийгиликтерди каалады.
Жыпар Аманкулованын жетекчилиги астында иш алып барып жаткан борбордо учурда 30га жакын ийрим иштеп, миңден ашуун таланттуу окуучу тарбияланып келет. Борбор жаш муундардын чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүп, алардын сахнага болгон кызыгуусун арттырып, келечекте чоң ийгиликтерге жетишине өбөлгө түзүүдө.
Манас шаардык мэриясынын Маалымат борбору