Бүгүн, 17-февраль күнү, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаар прокурорунун орун басары Асан Биялиев менен биргеликте Курманбек аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар тургундары тарабынан бир катар актуал
19.02.2026 09:31
6
17-февраль күнү, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаар прокурорунун орун басары Асан Биялиев менен биргеликте Курманбек аймактык башкаруусунун жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар тургундары тарабынан бир катар актуалдуу маселелер көтөрүлдү.
Жолугушууда жашоочулар снос иштерине байланыштуу жагдайларды, ички жолдордун абалын, тротуарларды куруу жана оңдоо маселелерин, ошондой эле жаңы мектеп жана бала бакча куруу зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары аймактагы инфраструктураны жакшыртуу, коопсуздук жана санитардык абал боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Шаар башчысы тургундардын кайрылууларын кунт коюп угуп, ар бир көтөрүлгөн маселе боюнча тиешелүү кызматтардын жана мекемелердин жетекчилерине жеринде конкреттүү тапшырмаларды берди.
Мэр өз сөзүндө шаар бийлиги үчүн тургундардын көйгөйлөрү жана сунуштары башкы көңүл борборунда экенин белгилеп, инфраструктураны өнүктүрүү жана жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча иштер системалуу түрдө улантыларын билдирди.