БОКС БОЮНЧА ӨЛКӨ ЧЕМПИОНАТЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
11.12.2025 11:31
1
Бүгүн, 10-декабрда Манас шаарында өткөрүлүп жаткан бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты расмий түрдө жыйынтыкталды.
Сыйлоо аземине Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Каныбек Маманов баштаган депутаттар, өлкөнүн бардык дубандарынан келген спортчулар жана бокс күйөрмандары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө калаа башчысы чемпионаттын жеңүүчүлөрүн куттуктап, медалдарды тапшырды. Ошондой эле ал мындай республикалык деңгээлдеги мелдештер жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып, спорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. Мындан сырткары, Манас шаары эл аралык жана республикалык мелдештерди өткөрүүгө ар дайым даяр экендигин кошумчалады.