БЕЛГИЛҮҮ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА САЯСИЙ ИШМЕР ЗУУРА НУРМАТОВА ЭСКЕРИЛДИ

09.03.2026  18:40

5

БЕЛГИЛҮҮ МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА САЯСИЙ ИШМЕР ЗУУРА НУРМАТОВА ЭСКЕРИЛДИ

 Бүгүн, 10-мартта Манас шаарынын Тарых музейинде коомдук жана мамлекеттик ишмер Зуура Нурматованын бейнесине арналган атайын бурч уюштурулду.

📌 Иш-чарага Манас шаарынын Тарых музейинин жетекчиси Жамийла Темирова, Манас шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, “Сапат” билим берүү мекемесинин Зуура Нурматова атындагы лицейинин мугалимдери жана окуучулары катышты.

Жыйында Зуура Нурматованын эмгек жолу жана анын 1975–1985-жылдары шаарды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы тууралуу эскерүүлөр айтылды.

📌 Белгилей кетсек, анын жетекчилик кылган мезгилинде шаарда “Айгүл” универмагы, облустук балдар ооруканасы, 130 орундуу мейманкана жана “Спутник” кичи району сыяктуу бир катар ири объекттер курулган.

📌 Эске салсак, Зуура Нурматова 1928-жылы Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.