БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАНДЫ
29.05.2026 14:50
4
БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАНДЫ
1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Манас шаардык мэриясынын Кайрымдуулук борбору тарабынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду.
Майрамдык программада балдар ыр-бий аткарып, кызыктуу оюндарга жана көңүл ачуучу сынактарга катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты — балдарга кубаныч тартуулоо, коомдун көңүлүн өзгөчө камкордукка муктаж балдарга буруу жана аларды колдоо болуп саналат.