БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ МАНАС ШААРЫНДАГЫ ИРИ КУРУЛУШ ОБЪЕКТИЛЕРИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

10.06.2026  17:10

7

БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ МАНАС ШААРЫНДАГЫ ИРИ КУРУЛУШ ОБЪЕКТИЛЕРИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

БАКЫТ ТӨРӨБАЕВ МАНАС ШААРЫНДАГЫ ИРИ КУРУЛУШ ОБЪЕКТИЛЕРИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Манас шаарына болгон иш сапарынын алкагында курулушу жүрүп жаткан бир катар социалдык маанидеги объектилердин абалы менен жеринде таанышты.

Иш сапарынын жүрүшүндө алгач курулуп жаткан “Акылман” президенттик мектебинин курулуш иштеринин жүрүшү каралды. Аталган билим берүү мекемеси үч кабаттуу болуп курулуп, жалпы 360 окуучуга ылайыкталган. Долбоордун алкагында заманбап окуу класстары менен катар китепкана, бассейн, ашкана, окуучулар үчүн жатакана жана мугалимдер үчүн кызматтык батирлер каралган. Мектеп келечекте таланттуу жана билимдүү жаштарды тарбиялоого багытталган заманбап билим берүү борборлорунун бири болот.

Андан соң Бакыт Төрөбаев Түндүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун курулушу менен таанышты. Медициналык мекеме 250 орунга ылайыкталып, 5 кабаттуу негизги имараттан жана эки кабаттуу жер алдынкы бөлүгүнөн турат. Борбор төрт блоктон түзүлүп, жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар менен камсыздалары пландалууда.

Таанышуу учурунда курулуш иштеринин сапатына, белгиленген мөөнөттө аякташына жана объектилерди өз убагында пайдаланууга берүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жооптуу кызматкерлерге жана курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тараптарга курулуштун жүрүшүн көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Аталган объектилер пайдаланууга берилгенден кийин аймактын билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, Бакыт Төрөбаев Манас шаарына болгон иш сапарынын алкагында дагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышып, жеринде тиешелүү тапшырмаларды берүү мерчемделүүдө