АТА-ЭНЕЛЕРГЕ БАГЫТТАЛГАН “БАЛА – АТА-ЭНЕНИН КҮЗГҮСҮ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

12.02.2026  13:44

5

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ БАГЫТТАЛГАН “БАЛА – АТА-ЭНЕНИН КҮЗГҮСҮ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

АТА-ЭНЕЛЕРГЕ БАГЫТТАЛГАН “БАЛА – АТА-ЭНЕНИН КҮЗГҮСҮ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

 Иш-чара Манас шаарынын мэриясынын жана шаардык прокуратуранын демилгеси менен уюштурулуп, ага мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Манас шаарынын прокурору Эркингүл Урдалетова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Нурбек Калдаров, психолог Дилнура Ташыбекова, мектеп директорлору, мугалимдер жана ата-энелер катышты.

 Иш-чаранын негизги максаты — ата-эненин тарбиядагы жоопкерчилигин күчөтүү, үй-бүлө, мектеп жана коомчулуктун өз ара тыгыз байланышын камсыз кылуу болуп саналат.

Жолугушуу психологдун ата-энелерге арналган атайын семинары менен башталды. Анда балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша тарбия берүү, алар менен туура баарлашуу жана эмоционалдык колдоо көрсөтүүнүн мааниси тууралуу кеңири маалымат берилди.

 Жыйында мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова сөз сүйлөп, ата-энелерди балдардын тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ал өз сөзүндө: «Баланын келечеги — үй-бүлөдөн башталат. Ар бир ата-эне баласына үлгү болуп, аны мээрим, түшүнүү жана жоопкерчилик менен тарбиялашы керек. Коомдун өнүгүшү тарбиялуу, билимдүү жана мекенчил жаштарга түздөн-түз байланыштуу», — деп белгиледи.

Ошондой эле ал ата-энелер менен мектептин тыгыз кызматташуусу балдардын ийгилигинин негизги шарты экенин кошумчалады.