АКЫРКЫ КОҢГУРОО БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

21.05.2026  16:00

12

АКЫРКЫ КОҢГУРОО БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Манас шаарында жалпы билим берүү мекемелеринде 29-май “Акыркы коңгуроо” иш-чарасын коопсуз жана тартиптүү өткөрүү максатында бүтүрүүчү класстардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери өткөрүлдү.

Жыйынга шаар мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов, шаардык билим берүү бөлүмүнүн, укук коргоо органдарынын, шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилиги, мектеп директорлору жана ата-энелер катышты.

📌 Жолугушууда бүтүрүү кечелерин өткөрүүдө коопсуздук талаптарын сактоо, мыйзамсыз акча чогултууларга жол бербөө, окуучулардын автоунаа башкаруусуна тыюу салуу жана мектептен тышкаркы көзөмөлсүз иш-чараларды уюштурбоо маселелери кеңири түшүндүрүлдү.

Мындан сырткары, “Акыркы коңгуроо” майрамы билим берүү мекемелеринин аймагында жөнөкөй, маданияттуу жана коопсуз форматта өткөрүлүшү керектиги айтылып, ата-энелер балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырылды.