АКТИВДҮҮ ЖАШТАРГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БАРАКЧАЛАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ
21.04.2026 14:25
7
Манас шаарынын мэринин орун басары Кубанычбек Шерматов “Кыялымдагы Кыргызстан: Жалал-Абад – 2026” аталышындагы жаштар форумуна активдүү катышкан Манас шаарынын жаш ыктыярчыларын кабыл алды.
Анда Кубанычбек Шерматов демилгелүү, уюштуруучулук жөндөмү жогору мындай жаштардын ири масштабдагы иш-чараларга активдүү катышуусу — бул келечекте тажрыйбалуу, жоопкерчиликтүү муундун калыптанып жатканынан кабар берерин белгиледи. Ошондой эле шаар бийлиги жаштардын демилгелерин колдоого ар дайым даяр экенин кошумчалап, катышуучуларга ыраазычылык билдирди.