АДАБИЯТ - ДОСТУКТУН КӨПҮРӨСҮ

23.04.2026  12:00

13

АДАБИЯТ - ДОСТУКТУН КӨПҮРӨСҮ

АДАБИЯТ - ДОСТУКТУН КӨПҮРӨСҮ

Манас шаарында 23-апрель – Китеп жана автордук укук күнүнө жана Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине карата «Адабият — достуктун көпүрөсү» аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов катышып, сөз сүйлөдү.

Мэр өз сөзүндө китепти элдерди жана маданияттарды бириктирген күчтүү көпүрө катары баалады. Ал кошуна өлкөлөрдөн келген коноктор адабияттын чек арасы жок экенин далилдеп жатканын айтып, достукту бекемдөөнүн маанисин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн, 23-апрелде – Китеп жана автордук укук күнүнө жана Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине карата Эл аралык «XVII КИТЕП FEST – 2026» фестивалы өтүүдө. Иш-чаранын алкагында облус аймагындагы китепканалардын көргөзмөсү, авторлор менен жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулду.