7-АПРЕЛЬ - ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНА 16 ЖЫЛ!

07.04.2026  12:45

36

7-АПРЕЛЬ - ЭЛДИК РЕВОЛЮЦИЯСЫНА 16 ЖЫЛ!

Манас шаарынын “Эркиндик” аянтында 2010-жылдын 7-апрелиндеги жана 2005-жылдын 24-мартындагы окуялары эскерилди.

Эскерүү иш-чарасы бүгүн, 7-апрелде өтүп, ага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев, Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, шаардык кеңештин төрагасы Аскат Талант уулу, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, апрель жана март революциясынын катышуучулары, окуу жайлардын мугалимдери жана студенттер катышты.

Абдупата Маткаликов 16 жыл мурда кыргыз эли оор сыноодон өтүп, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук үчүн бийликке каршы чыкканын белгилеп, ал тарыхый окуяда курман болгон баатырларды эскерүү – ар бирибиздин ыйык парзыбыз экенин айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине арналып куран окулду.

Эске салсак, 2010-жылы, 7-апрелде 87 киши окко учкан. 100дөн ашуун адам жаракат алган. Кыргызстанда бул күн “7-апрель - Элдик апрель революциясы” деп аталып, жыл сайын эскерүү иш-чарасы уюштурулуп келет.