Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы конкурс жарыялайт
22.04.2026 16:20
41
Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы, Манас шаарынын аймагынан жер аянтын ижарага берүү максатында 2026-жылдын 19-майына төмөндөгүдөй шартта конкурс жарыялайт.
1-лот. Манас шаарынын Мамыр Баатыр көчөсүнөн жалпы аянты 10 000,0 чарчы метр жер аянтын өндүрүштүк багытта пайдалануу максатында 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 70 000 сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм, 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Конкурс 2026-жылдын 19-май күнү саат 14:00 дө Манас шаарынын мэриясынын жыйындар залында өткөрүлөт.
Конкурска арыздар 2026-жылдын 18-майына саат 16:00 гө чейин кабыл алынат.
Суроолор боюнча Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына кайрылыңыздар.
Дареги:Ю.Абдрахманов көчөсү №6, тел: 5-10-35.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз