Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык имараттагы бөлмөлөрдү ижарага берүү үчүн конкурс жарыялайт.
17.02.2026 17:10
2
Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы төмөндөгү муниципалдык имараттагы бөлмөлөрдү ижарага берүү үчүн конкурс жарыялайт.
№1-ЛОТ. Манас шаарынын М.Исакулов №3 дарегинде жайгашкан (эски төрөт үйүнүн 1-кабатында) 57,4 чарчы метр түзгөн муниципалдык 3-бөлмөлөр 3 (үч) жылдык мөөнөткө конкурс аркылуу ижарага берилет. Баштапкы ижара акысы айына 8000 (сегиз миң) сом.
Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Жогорудагы өткөрүлө турган конкурс Манас шаарынын Административдик имаратынын кичи жыйын залында 2026-жылдын 11-мартында өтөөрү эскертилет. Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 10-март саат 12:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат.
Суроолор боюнча Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мулк башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ю.Абдрахманова, №6. Байланыш телефону 0776 36 92 03.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз