Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы аукцион жарыялайт

09.03.2026  09:24

21

Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы аукцион жарыялайт

Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Манас шаарынын Т.Тайгараев жана М.Конгантиев атындагы аймактык башкармалыктарында жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин убактылуу пайдаланууга 5 (беш) жылдык мөөнөт менен ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта 2026-жылдын 9-мартына аукцион жарыялайт:

1-лот. Кыржол участкасынан, б/к 7,0 га кайракы жер тилке ижарага берилет, баштапкы ижара акы  жылына 10500 сом. 

2-лот. Чолок-Терек участкасынан, №3 контур, 0,80 га сугат жер тилке ижарага берилет, баштапкы ижара акы жылына  6000 сом. 

Аукциондун катышуучулары баштапкы баадан 20% өлчөмүндө кепилдик төлөм, өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт. Аукцион 2026-жылдын 9-апрелинде саат 10:00до Манас шаарынын мэриясынын кичи залында өткөрүлөт. 

Аукционго арыздар 2026-жылдын 7-апрелинде саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

 Дареги: Манас шаары, Ю.Абдрахманов к.6., байланыш номери (0500759446)