Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы аукцион жарыялайт
23.04.2026 13:31
44
Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы Манас шаарынын Ч.Айтматов жана М.Конгантиев атындагы аймактык башкармалыктарында жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондунун жана жайыт жерлерин убактылуу пайдаланууга 5 (беш) жылдык мөөнөт менен ижарага берүү үчүн төмөндөгүдөй шартта 2026-жылдын 28-майында аукцион жарыялайт:
1-лот. Ырыс айылынын №300 контур, 0,50 га сугат жер тилке ижарага берилет, баштапкы ижара акы жылына 3750 сом.
2-лот. Ырыс айылынын №300 контур, 0,50 га сугат жер тилке ижарага берилет, баштапкы ижара акы жылына 3750 сом.
3-лот.Димитровка айылынан б/к, 0,30 га сугат жер тилке ижарага берилет, баштапкы ижара акы жылына 2250 сом.
4-лот. Чолок-Терек участкасынан, №3 контур, 1,0 га сугат жер тилке ижарага берилет, баштапкы ижара акы жылына 7500 сом.
5-лот. Сервин участкасындагы 1,5 га жайыт жер аянтын өздөштүрүп, бак-дарак тигүү үчүн ижарага берилет , баштапкы ижара акы жылына 10500 сом .
6-лот. Сервин участкасындагы 5,0 га жайыт жер аянтын өздөштүрүп, бак-дарак тигүү үчүн ижарага берилет, баштапкы ижара акы жылына 35000 сом .
Аукциондун катышуучулары баштапкы баадан 20% өлчөмүндө кепилдик төлөм, өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт.
Аукцион 2026-жылдын 28-майында саат 10:00до Манас шаарынын мэриясынын кичи залында өткөрүлөт.
Аукционго арыздар 2026-жылдын 26-майда саат 17:00гө чейин кабыл алынат.
Дареги: Манас шаары, Ю.Абдрахманов к.6., байланыш номери (0999800809)