Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан муниципалдык автоунаа базарын ижарага берүү максатында 2026-жылдын  16-июлуна төмөндөгүдөй шартта аукцион жарыялайт.

16.06.2026  08:55

7

Баштапкы баасы 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом.

      -Муниципалдык автоунаа базарынын ижара акыларын ай сайын кечиктирбестен төлөп, Муниципалдык мүлк башкармалыгына отчет берет.

      -Муниципалдык автоунаа базарынын тарифтерин өзгөртүү боюнча Манас шаарынын мэриясы менен макулдашат.

     -Муниципалдык автоунаа базарынын аймагын жана айланасын таза кармоого милдеттүү жана темир тосмолордун, шлагбаумдардын, бастырманын (навес), күзөтчүлөрдүн будкасын, видео каттоо камераларынын базасы турган будканын абалдарына жана электрондук төлөм системасына (камера, база, монитор ж.б.у.с) жооп берет.

     -Аукциондун жеңүүчүсү 1 айлык ижара акысын алдын ала төлөйт.          

      -Жер жана мүлк салыктарын төлөйт. 

      -Автоунаа базары багытында гана иш жүргүзө алат.       

      -Коммуналдык төлөмдөрүн өз убагында төлөйт.

       Конкурстун катышуучулары баштапкы баадан 10% өлчөмүндө кепилдик төлөм жана 0,5% өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөөсү шарт. 

      Жогорудагы өткөрүлө турган аукцион Манас шаарынын Административдик имаратынын кичи жыйын залында 2026-жылдын 16-июлунда өтөөрү эскертилет. Ачык конкурска катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 15-июль саат 12:00гө чейин Муниципалдык мүлк башкармалыгынын мүлктү каттоо секторунда кабыл алынат. 

      Суроолор боюнча Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мулк башкармалыгына кайрылыңыздар. Дареги Ю.Абдрахманова, №6. Байланыш телефону 0776 36 92 03.