Манас шаардык мэриясынын Жер ресурустар башкармалыгы конкурс жарыялайт

27.11.2025  15:25

12

Манас шаардык мэриясынын Жер ресурустар башкармалыгы конкурс жарыялайт

Манас шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн сиз жетектеген борбор аркылуу ачык конурс жарыялап берүүңүздү суранам. 

Кадрлар резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

-биринчи этап-документтерди кароо; 

-экинчи этап-компьютердик тестирлөө;

 -үчүнчү этап-аңгемелешүү. 

КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР: 

Иш стажы: Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: – жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 Билим: Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн: 

-жогорку билим Жалпы мыйзамдарды билүү,алар: 

• КРдин Конституциясы; • "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамы;

 • "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” КРдин мыйзамы; 

• Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КРдин мыйзамы;

 • "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” КРдин мыйзамы; № 01-10/2158, 25.11.2025 Кол койгон: Бөрүкулов Ж.М., 25.11.2025 

• "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” КРнын мыйзамы; 

• КРдин Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; 

Улук административдик мамлекеттик кызмат оруну үчүн: • КРдин Жер Кодекси; • Укук бузуулар Кодекси. 

ТАЛАП КЫЛЫНУУЧУ ИШ КАГАЗДАРЫ: 

-конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз; 

-кадрларды эсепке алуу баракчасы (личный листок) 

-резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен); 

-өмүр баян (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

 -нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

 -нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); 

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

 -паспорттун көчүрмөсү. 

Документтерди кабыл алуу жарыя мэриянын www.jalal-abad.gov.kg вебсайтына чыккан күндөн тартып 10 жумуш күнүн ичинде жүргүзүлөт. 

Документтер жуманын ишемби жана жекшемби күндөрүнөн сырткары ар күнү саат 8-30 дан 17-30 гѳ чейин Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын имаратында, документтик камсыздоо жана каттоо бөлүмүндө кабыл алынат.

 Дареги: Манас шаары, Ю.Абдрахманов к.6, тел: (03722) 5-10-69.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз